Казакстанда Борбордук Азиянын билим берүү хабына айлануу боюнча олуттуу иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө өлкөнүн жогорку окуу жайларында 31 миңден ашуун чет элдик студенттер билим алышат. Жыл сайын мамлекет 200 чет элдик окумуштууну чакырууга каражат бөлөт. Бул багытта дүйнөнүн бардык негизги аймактарынан өнөктөштөр тартылат. Азыркы тапта 12 өлкөнүн билим берүү мекемелери менен 34 стратегиялык өнөктөштүк түзүлгөн. 16 эл аралык университеттин филиалы ачылды. Программалардын көпчүлүгү техникалык адистерди даярдоого багытталган. Бул жаатта өлкөдө инженердик кадрларды даярдоонун улуттук модели киргизилип жатканын белгилей кетүү керек. Жаңы ыкма бүтүрүүчүлөргө эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө Казакстанда инженердик багыттар боюнча кадрларды даярдоону 54 ЖОЖ ишке ашырат. Аларда 100 миңден ашуун адам билим алат.
Гүлжан Жарасова, илим жана жогорку билим министрлги комитети төрагасынын орун басары:
- Жаңы моделде мектептерде инженердик класстар ачылгандан баштап эрте кесиптик багыт алуу, ошондой эле техникалык ЖОЖдорду өндүрүш менен толук интеграциялоо каралган. Жогорку билим берүүнү өнүктүрүү концепциясында кадрдык камсыздоонун алдыңкы моделине өтүү каралган. Бул «кесибим-келечегим» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында 20 аймактан 17 ЖОЖ катышууда. 9 региондо 45 тармак боюнча аймактык кесип атластары иштелип чыгып, 500дөн ашуун жаңы кесип аныкталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

