Астанада NU Global: Unity In diversity 2025 форуму өттү

Астанада NU Global: Unity In diversity 2025 форуму өттү

Астанада «NU GLOBAL: Көп түрдүүлүктөгү биримдик» аттуу эл аралык форум өттү. Бул маданий алмашуу боюнча жайкы демилгенин жыйынтыктоочу финалы болду. Программанын алкагында дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн келген студенттер, бүтүрүүчүлөр жана окутуучулар социалдык долбоорлорго гранттык сынакка катышып, Казакстандын төрт аймагында болушту. Негизги максат - маданий жана тилдик айырмачылыктарга карабастан, жалпы тил табышуу жана достук жана кесиптик байланыштарды түзүү. Уюштуруучу Назарбаев Университетинин Социалдык өнүгүү фонду болду. Ал студенттик долбоорлорго колдоо көрсөтөт. Анын жардамын 70тен ашык социалдык демилге жана 100дөн ашык студенттик клуб алды.


Саят Нүсүпов, Nu Impact foundation башкармалыгынын төрагасы:


- Биз көңүл борборуна таланттарды коёбуз. Ошондуктан, биздин университетте ар бир талант өз ордун таап, ачылышын каалайбыз. Буга байланыштуу, азыр университеттин алдында билим берүүнү интернационалдаштыруу боюнча чоң милдеттер турат. Муну менен биз Казакстандын университети сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө дүйнөлүк деңгээлге чыгып жатканын жана студенттерибиз аркылуу достуктун, билимдин жана нетворкинг аркылуу бүт дүйнө менен байланышта болорун көрсөтүп жатабыз.


Алишер Бекмустафаев, Nu Global иш-чарасынын катышуучусу:


- Азыр бул студенттердин демилгесин колдогон, чет элдик студенттерге жардам берген, каржылык мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге бардык мүмкүнчүлүктөрдү алууга жана окууга көңүл бурууга жардам берген толук кандуу иштеп жаткан экосистема. NU Impact Foundation изилдөөлөр, жаңы демилгелер үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков