Казакстандын жарым өткөргүч тармагынын келечеги Астанада талкууланды

Казакстандын жарым өткөргүч тармагынын келечеги Астанада талкууланды

Жарым өткөргүч өнөр жайынын келечеги Астанадагы форумда түзүлгөн биринчи казакстандык чиптин мисалында талкууланды. Серепчилер микросхемаларды санариптик долбоорлоо жана верификациялоо тармагында адистерди даярдоо маселелерине кеңири токтолушту. Чиптин жаратуучусу, окумуштуу Нурсултан Кабылкас буга чейин кадрларды даярдаган, дагы 500 инженерди үйрөтүүгө даяр. Иштеп чыгуучу бизнес-экосистеманы ишке киргизсе, алар Казакстанда өздөрүнүн жабдууларын чыгарып, ошондой эле ата мекендик өндүрүштүн чиптерин экспорттой алышат деп ишендирүүдө. Алдыда - суперкомпьютерлер үчүн жарым өткөргүчтөрдү түзүүнү пландаштырууда.

Нурсултан Кабылкас, окумуштуу:

- Суперкомпьютерлер үчүн, машинаны үйрөнүү маалыматтарын иштетүү үчүн процессор бир аз татаалыраак. Албетте, биз да ушул багытта бара жатабыз. Кээ бир коммерциялык долбоорлордун көз карашынан алганда Казакстанда дизайн хабын ачууга болот. Бул уюмга жабдуулар жыйналган микропроцессорлорду долбоорлогонду билген адамдар чогулат. Бул экосистемага ээ болуу менен, чет өлкөдөн келген башка компаниялар бизден интеллектуалдык менчикке, башкача айтканда IP буйрутма кыла алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков