Казакстандын президенти
жумуш сапары менен Алматы шаарына барды. Касым-Жомарт Токаев аль-Фараби
атындагы Казак улуттук университетинин илимий дарамети менен таанышты. Мамлекет
башчысына инновациялык өнүмдөр борбору жана Farabi Hub-дын жогорку
технологиялык долбоорлору көрсөтүлдү. Хаб бүгүнкү күнгө чейин 20 млн доллардан
ашык инвестиция тарткан. Анын базасында креативдүү индустрия, жасалма интеллект
жана стартаптар иштелип чыгат. Учурда бул жерде жалпы наркы 1 млрд 250 млн
теңгени түзгөн төрт ири долбоор ишке ашырылууда. Мисалы, кытайлык университет
менен биргеликте микроспутник жана түрдүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө арналган жер
спутниги иштелип чыгууда. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев университет базасында
жайгашкан суперкомпьютер кластеринин иши менен таанышты. Аны курууга 23 млн
доллар инвестиция тартылган. Кластер татаал эсептөөлөрдү аткаруу мөөнөтүн кыйла
кыскартып, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун арттырат. Ошондой эле IT жана
жасалма интеллект тармагында адистерди даярдоого кеңири жол ачат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

