Чүкө ойногон робот

Чүкө ойногон робот

Роботтор казак улуттук оюндарын өздөштүрүүдө. Мисалы, Түркестан облусунда роботтор чүкө атууга көмөктөшөт. Акылдуу машиналар атайын аянтчада балдарга чүкөлөрдү каз-катар тизип беришет. Бирок, оюндун негизги эрежелерин мугалимдер үйрөтөт. Жалпысынан чүкө атуу - кызыктуу эле эмес, көздүн тактыгы, колдун эпчилдиги жана манжалардын иштөөсүн өнүктүрүүгө пайдалуу оюн. Ал эми балдар үчүн бул улуттук салт заманбап механикалык жардамчылардын аркасында ого бетер кызыктуу болду.


Исматулла Усманов, Сарыагаш райондук аталар кеңешинин төрагасы:


- Бул балдар коңгуроо учурунда ичиндеги энергияны чыгарып, бири-бири менен болгон мамилесин чыңдап, оюндагы ой жүгүртүүсүн жана кыймыл-аракети ыкчам болуусуна таасирин тийгизет.


Которгон: Илгиз Жамалбеков