Эл артистинин мааракеси ЮНЕСКОнун унутулгус даталарынын календарына киргизилип, анын урматына чоң эскерүү концерти уюштурулду.
Роза Карибжанова, Казакстандын маданият жана спорт министрлигинин, маданият комитетинин төрайымы:
- Казакстандын ЮНЕСКОго мүчөлүгүнө 30 жыл толду, ошондуктан бүгүнкү иш-чара биздин өлкөнүн ЮНЕСКОнун коомчулугундагы ордун көрсөтүп турат десек болот. Концертке канчалаган адамдар келди, булар биздин жердештер эле эмес, эл аралык дипломатиянын өкүлдөрү да бар. Артисттер жылуу тосуп алышты.
Казакстан эстрадасынын жана классикалык жанрынын жылдыздары дүйнөлүк аудиторияны улуу аткаруучунун мурасы менен тааныштырды. Абайдын, Калдаяковдун, Тлендиевдин ырлары жана укмуштуудай үнү бар казак аялынын өмүр баяны сахнадагы артисттерди да, залдагы көрүүчүлөрдү да козгоду.
Нуржамал Усенбаева, Казакстандын Эл артисти:
- Бул сонун концертке катышуу мен үчүн чоң сыймык. Анткени Роза Багланова өлкөбүздүн чыгаан инсаны жана бул анын жүз жылдыгына арналган концерт. Бул биздин казактын өнөрү, аны тартуулайлы деп келдик, өнүгүп, өркүндөй берсин.
Элеонора Восси, Музыкалык театрдын мүдүрү:
- Өтө кесипкөй, абдан таасирдүү, татаал, эмоционалдуу болду. Мен биздин театрдын коомчулугуна дал мына ушуну, атап айтканда, дал ушундай коюлумду көргөнүн каалайт элем.
Роза Багланова өзүнүн көп жылдык өмүр жолунда укмуштуудай таанылууга жетишкен. Тирүү кезинде ал ар кандай сахналарда ойногон. Анын үнү майданда, эң атактуу чоң концерттик залдарында, атүгүл космостун орбитасында да угулду. Казак ырчысы дүйнөнүн төрт бурчуна гастролго чыгып, көптөгөн тилдерде ырдаган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков