Бишкекте сүрөтчүлөр арасындагы сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте сүрөтчүлөр арасындагы сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Кыргызстандын борбор калаасында сүрөтчүлөр арасындагы сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Чеберлер көркөм жана колдонмо-прикладдык искусство, скульптура жана графика категорияларында 230дан ашык эмгектерин сунушташты. Уюштуруучулардын айтымында, сынакка ар кандай курактагы сүрөтчүлөр катышып-эң улуусу 90 жаш болду. Эмгектеринде алар көз карандысыз республиканын тарыхын, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган белгилүү инсандардын образдарын чагылдырышкан. Ал эми жаш муун, мисалы, улуттук көркөм сүрөт академиясынын 20 жаштагы студенти Айдана Бейшенбаева табигый чоподон жасалган карапа буюмдарын сунуштады.


Айдана Бейшенбаева, Улуттук көркөм сүрөт академиясынын студенти:


- Бул карапа вазалар, болжол менен 5 ай жасадым. Бул алгач идея түзүү, эскиздерди жасоо, андан кийин гана иш башталат. Чопону даярдап, анан үлгүлөрдү ойлоп табабыз Ошондой эле маанилери болушу керек. Бул кыргыз улуту. Мурда бизде дал ушундай тил болгон. Бул биздин тамгалар. Алар шамал, суу, толкун деген маанини берген атайын йомо-чиймелерди колдонушкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков