Алматыда XVII Эл аралык «Евразия» кинофестивалы өтүүдө.
Быйылкы жылы маанилүү маданий иш-чара казак киносунун көрүнүктүү ишмери Шакен
Аймановдун 110 жылдыгына жана «Казакфильм» киностудиясынын түзүлгөнүнүн 90
жылдыгына арналды. Иш-чара 15тен ашык өлкөдөн келген катышуучуларды чогултту. Фестивалдын
жүрүшүндө 12 тасма көрсөтүлөт. Бул тасмалар Бангладеш менен Түштүк Кореядан
Австрия менен Катарга чейин түрдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн маданиятын жана жашоого
болгон көз карашын чагылдырат. Европанын, Азиянын жана Жакынкы Чыгыштын
чыгармачыл топтору универсалдуу темаларды жергиликтүү контекст менен
айкалыштырган долбоорлорду көрсөтүшөт. Белгилей кетсек, кинофестиваль эки
программаны камтыйт - эл аралык сынак жана Борбор Азия менен түрк дүйнөсү
өлкөлөрү үчүн сынак. Ошондой эле сынактан тышкары көрсөтүүлөр жана фильмдердин
премьералары, ошондой эле мастер-класстар жана бизнес аянтчалар уюштурулат.
Диана Ащимова, XVII эл аралык «Евразия» кино фестивалынын
программалык мудүрү:
- Быйылкы жылы сынактын географиялык масштабы кеңири. Көптөгөн
жаңы программаларга катышып, ар кандай жанрдагы тасмаларды көрүүгө болот. Ата
мекендик кинонун абдан кызыктуу программасы түзүлдү. Бул фестиваль бир аз
тыныгуудан кийин өткөрүлдү. Ошондуктан, бул жолу аны кайра жандандырууга,
мурдагы даңкын кайтарууга аракет кылабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков