Заманбап неоклассикалык жана улуттук хореографиянын мыкты спектаклдери, көптөн күткөн бет ачарлар жана чет өлкөлөргө саякаттары. «Астана Балеттин» мүдүрү Александр Совостьянов тогузунчу театр сезонуна карата масштабдуу иш пландары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, борбордун конокторуна жана тургундарына ар түрдүү жанрдагы уникалдуу репертуар жана үч жаңы спектакль даярдалды. Атап айтканда, мода, сулуулук жана искусство жөнүндө Ксения Звереванын «Dior. Ма Muse» балети, Мукарам Авахринин «Тагдырдын аркандары», Иржи Килиандын «Саякатчы шакирттеринин ырлары» премьералык спектакльдери. Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган Юрий Григоровичтин «Махабат тууралуу легендасы» жана улуттук хореографиянын мыкты үлгүлөрүнүн бири «Султан Бейбарс» аттуу эки спектаклди театр артисттери алдыдагы тогуздун айында Дубайга гастролдук сапардын жүрүшүндө көрсөтүүнү мерчемдеп жатат.
Александр Совостьянов, «Астана Балет» театрынын мүдүрү:
- Эки өзгөчө спектакль Дубай шаарында өтө турган ЭКСПО 2020 үчүн узак карантиндик тыныгуудан кийин биринчи чет элдик тур учурунда көрсөтүлөт. Дубай Опера аттуу чоң жаңы театрда «Астана Балеттин» жамааты бул эки сонун чыгарманы тартуулашат. Ошондой эле алдыдагы дем алыш күндөрү, аяк оона айынын 25 жана 26 күндөру Түркестан шаарына гастролго чыгабыз. Ал жерде улуттук хореографиябыздын бир бөлүгүн көрсөтөбүз. Биз буга өзгөчө маани беребиз. Биз көрсөтө турган программа Улуу талаанын мурасы деп аталат, анда 70ке жакын номер бар.
Ошондой эле, бул сезондо Астана Балет театрынын сахнасында орус театрынын актерлору Леонид Ильич Брежневге каршы Жарканат Адам. Советтик триллер» спектакли менен өнөр тартуулоону көздөп жатат. Алардын сапарын өлкөнүн Маданият жана спорт министрлиги уюштурат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков