Салттуу казак оймо-чиймелери жана орнаменттери бар кийимдер Европада чоң популярдуулукка ээ болууда. Казакстандык дизайнер Витали Ланг өзүнүн мекенин мода тилинде айтып берди. Классикалык эркектердин кийимдеринин италиялык брендинин тең негиздөөчүсү көчмөн маданиятынан шыктанган. Ошондуктан ал өзүнүн коллекциясын символикалык түрдө боз үйдүн элементтери жана улуттук оймо-чиймелер менен кооздогон. Кийимдин чиймелерин аныктыгын баса белгилөө үчүн ал Казакстандын көрүнүктүү туристтик жерлерин түшүргөн. Италиялык бренддин жаратуучуларынын айтымында, өлкө тууралуу Европалык аудиторияга айтып жатып, алар мода менен саякатты бириктирип, чет өлкөдөн жаңы конокторду кызыктырууга жана тартууга ниеттенүүдө.
Витали Ланг, дизайнер:
- Биздин бренддин негизги баалуулугу жаратылыш менен тыгыз байланыш болуп саналат жана биз биринчи коллекциябызды Казакстанга арноону чечтик. Казакстанда абдан жапайы, кооз жаратылыш бар жана биз моделдик индустрияны колдонуу менен Европада Казакстан тууралуу айтып берүүнү чечтик. Мына ошол орнамент мүйүздү билдирет. Баса, бул жерде дал келүү бар, анткени бул топчулар табигый мүйүздөн жасалган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

