КМШ өлкөлөрүндөгү радио толкундарында жаңырып жаткан Максим Филюшиндин музыкасы башка өлкөлөрдө да кеңири популярдуулукка ээ болууда. Өнөрү менен көпчүлүктү суктанткан казакстандык Латвия, Нидерланды жана Орусиянын ири лейблдери менен кызматташуу келишимин түзгөн. Түп нускадагы чыгармалардын бири коңшу өлкөдөгү Комедия сериалынын саундтрегине айланды. Негизги максат – заманбап техно стилдеги казак этникалык музыкасын дүйнөгө таанытуу. Анын чыгармалары эң көп угулгандардын тизмесине кирген.
Максим Филюшин, музыкант:
- Бул багытты 2020-жылы үйрөнө баштадым. Ошол эле жылы “эгер сен болбосоң” деген ырга кавер жасадым. Ал дароо эле жердешибиз Иманбек таанылган Effective Recordsка чыкты. Менин ишим элге жагып, кийинчерээк каверлерди жасоого бел байладым.
Максимдин фортепиано жана скрипка боюнча атайын билими бар. Учурда шаардык духовой оркестрдин көрүнүктүү мүчөсү. Күндүз классикалык чыгармаларды аткарса, түнкүсүн G-house (джихауз) стилине кирет. Бүгүнкү күндө ал 150гө жакын композицянын автору.
Которгон: Илгиз Жамалбеков