Президент маданият жана өнөр кызматкерлерин сыйлады

Президент маданият жана өнөр кызматкерлерин сыйлады

Казакстанда Бикен Римова атындагы Казак драма театрына, Алматы шаарындагы Мамлекеттик куурчак театры жана Гарифолла Курмангалиев атындагы филармонияга академиялык макам берилет. Чечим маданият мекемелеринин ишине жаңы дем берет. Бул тууралуу президент маданият жана искусство кызматкерлерин сыйлоо салтанатында айтты. Кесиптик майрамдын алдында Касым-Жомарт Токаев аларды куттуктап, тынчтыкты сактоого, элдин руханий дүйнөсүн байытууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Азыр биздин маданият дүйнө жүзү боюнча таанымал. Таланттуу музыканттар дүйнөлүк сахналарда ийгиликтүү өнөр көрсөтүп жүрөт. Казак кино каармандары ар кандай эл аралык сынактарга катышып, серепчилер тарабынан жогору бааланууда. Борбор калаада Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ийгиликтүү өттү. Актау шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды. Биздин руханий мурасыбыз санариптик форматка өтө баштады. Акыркы убакта өлкөбүздүн бир жарым миң ыр-күүлөрү жана фольклордук мурастары эң популярдуу эл аралык платформаларга салынды. Түпкү өнөрүбүз чыгармачыл индустрия аркылуу максималдуу түрдө жайылтылууда.

Мамлекет ар дайым өнор чөйрөсүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Анткени, алдыңкы маданияты бар өлкөнүн духу бийик болот, - деди Президент. Өткөн жылы 45 маданий объект курулду. Мындай иштер уланат. Тарыхты жана маданиятты таанытууда ЮНЕСКО менен интеграция өзгөчө роль ойнойт. Президент өлкөнүн тарыхый жана маданий эстеликтерин дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү аракеттери көрүлүп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, «Дүйнө эси» тизмесине документ түрүндөгү мурасты киргизүү колго алынды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Илимий-изилдөө чөйрөсүндө, тарых жана маданият эстеликтерин изилдөө ишинде музейлердин дараметин толук өлчөмдө пайдалануу маанилүү. Изилдөөчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун Сарайшык шаары жаратат. Ага жаңыртуу жүргүзүү керек. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тарыхый-маданий мурастарына арналган бирдиктүү санариптик платформаны түзүү демилгеси да маанилүү.

Өлкөдө архитектураны мыкты өздөштүргөн, аны Улуттук колоритке ылайыкташтыра алган адистердин мууну өсүп жатат. Мындай таланттын ээлерине максималдуу колдоо көрсөтүү зарыл. Буга байланыштуу атайын жаш архитекторлор сынагын уюштуруп, улуттук сыйлыкты дайындаса болот, - деди Президент. Ал эми театрларды жаңылоо, объекттерди курууга бизнес өкүлдөрүн жана меценаттарды тартуу кажет. Ошентип, алар руханияттын өнүгүшүнө катышышат. Жыйында Касым-Жомарт Токаев улуттук маданиятты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, тармактагы көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн бир топ жарандарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков