Социалдык тармактарда январь айындагы баш аламандыктарды уюштурууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасынын биринчи кызматынын жетекчисинин орун басары Елдос Килымжанов атайын брифингде билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдын үчтүн айынын төртүндөгү Алматы шаарында жүргөн Жамбыл облусунун тургуну телеграм каналын ачып, бир нече сааттын ичинде ага бир нече миң адам жазылган. Бул тармак аркылуу анын катышуучулары тосмолорду куруу, «Молотов» коктейлдерин даярдоо жана тартип сакчыларына каршы чыгуу боюнча кеңири көрсөтмөлөрдү алып отурган. Кийинчерээк, үчтүн айынын 5и 6сы күндөрү аталган тармак аркылуу кыйратуучулардын кыймылы жана алардын Жамбыл облусундагы мамлекеттик объектилерге жасаган чабуулдарын оңдоо тууралуу маалымат берген.
Елдос Килымжанов, Казакстандын Башкы прокуратурасынын 1-кызматынын башчысынын орун басары:
- Бул аймакта «Газель» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу «С» жана анын тарапташы «К» аттуу жарандар аныкталды. Алар унааны айдап, алдын ала даярдалган арматураларды, полициянын уурдалган калканчтарын жана бронжилеттерин таратышкан. Ошондой эле тартип сакчыларынын жүрүшүн кыйындатуу үчүн унаалар менен жолдорду тосушкан. Кылмыш иштерине талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, бул кылмыштарды жасоого ушундай эле мамиле трагедиялар болгон башка аймактарда да байкалат. Бул жагдайлар алардын макулдашканын жана бирдиктүү мерчеми бар экенин көрсөттү.
Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы январь окуясы боюнча 11 кылмыш иши козголгонун билдирди. Каргашалуу окуяга байланыштуу жалпысынан 627 шектүү камакта отурат. 402 айыпталуучунун иши сотко жөнөтүлдү. Баш коргоо чарасын жеңилдетүү боюнча 4849 иш бар. Бүгүнкү күндө 323 шектүү абактан бошотулду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков