XVII Евразиялык медиа форум: тайжрыйба алмашуу

XVII Евразиялык медиа форум: тайжрыйба алмашуу

Документалдуу фильмдер коомдун күзгүсү. Ондогон жылдар өтсө да, бул жанрдагы чыгармалардын тарыхый мааниси маанилүү бойдон кала берет. Ошондуктан аталган долбоорлорду иштеп чыгуу чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Бул тууралуу салтка айланган үч күндүк Евразиялык медиафорумга чогулган серепчилер билдирди. Борборго келген Улуу Британиядан документалдуу фильмдердин автору Клементин Мальпас өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал сириялык качкындар жана аялдардын укуктары боюнча бир нече китеп жазган. Ал тасманын каармандары менен дайыма байланышта. Эми анын Афганистанга баруу максаты бар. Учурдагы кырдаалдын туруксуздугуна байланыштуу сапарын кийинкиге калтырууда.

Клементин Мальпас, даректүү тасманын автору, Улуу Британия:

- Документалдуу фильм Голливуддун тасмасына окшош болушу мүмкүн, бирок эң чоң айырма анын реалдуулугунда. Тасма тартууда 3 маанилүү шартты эске алуу керек. Биринчиден, Сиздин каарманыңыз эмнени каалайт?, Экинчиден, Ал каармандын жашоосунда эмне тоскоолдуктар бар? жана үчүнчүсү - окуянын чечими жакшы болсун же жаман болсун даректүү тасмада айтылган көйгөйлөрдүн чечилиши аягында милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү керек.

XVII Евразиялык медиафорум быйыл онлайн жана оффлайн форматта уюштурулду. Жолугушууга дүйнөнүн жана Казакстандын алдыңкы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык серепчилер, саясатчылар, илимпоздор, коомдук жана маданият ишмерлери катышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков