«Алтын адам» тууралуу анимация жарык көрөт

Жашоонун отун издеп Хан Теңири чокусуна чыккан сак жоокери. Укмуштуудай окуяларды баяндаган «Алтын адам» эпикалык мультфильми көрүүчүлөргө сунушталат. Экшн жанрындагы толук метраждуу анимациялык тасма 5-15 жаштагы көрүүчүлөргө арналган.  Тасмадагы башкы каармандын аты Аңкыл. Анын Жупар жана Барыс деген достору бар. Тасманын сюжетинин негизги максаты – баалуу экспонат алтын соотту жаш муундарга жайылтуу болуп саналат. Мультфильмди көргөн балдардын оюнда «Алтын соотту кандай адам кийди экен?» деген суроо пайда болот, дейт каритананын режиссёру Турдыбек Майдан.

Турдыбек Майдан, «Алтын адам» тасмасынын режиссёру:
-«Алтын адам - биздин Казакстандын баалуу экспонаттарынын бири. Биз бул экспонатты балдарга тааныткыбыз келди. Балдар Алтын адамдын соотторун көрүп, анын ичинде кандай адам болгон, кандай адам кийген деген суроолору пайда болот. Ошондуктан буга жооп катары фильмдин сюжети Алтын адамдын ички жан дүйнөсү алтын болушу керек деген ойду камтыдык.

Жалпысынан тасманы даярдоого кыркка жакын анимация адистери тартылды. Мультфильм 2D, ал эми кээ бир каармандар 3D форматында аткарылды. Анимацияланган картинада Маңгыстаудагы капчыгайлар сыяктуу кооз жерлер колдонулган. Тасма казак жана орус тилдеринде англисче субтитр менен көрсөтүлөт. Белгилей кетсек, толук метраждуу анимациялык тасма "Алтын адам дүйнөлүк музейлерде" долбоорунун жыйынтыгында жарык көрдү.

Тилек Төлеугазы, «Алтын адам» тасмасынын экинчи режиссёру:
- Анимация тармагында абдан туруктуу жана сабырдуу адамдар иштейт. Бизде секунд сайын 12-24 сүрөт тартылат. Мисалы, күчтүү аниматорлор да күнүнө бир-эки секунд тартышы мүмкүн. Ошондуктан анимацияны “ийне менен кудук казгандай” десек болот. Ар бир кадрды чыгаруу үчүн талыкпай эмгектенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков