Казакстанда экспорттоочулар менен импорттоочулар үчүн атайын сайт түзүлдү. Бизнеске арналган ишкерлерди эскертүү үчүн Орусия менен Беларус мамлекетине экспорт жана импортко тыюу салынган товарлардын тизмесин жана санкциялык чектөөлөрдү жарыялады.
«Бир катар өлкөлөр Орусия менен Беларуска санкция киргизгенде, ишкерлерге кандайдыр бир товар же банк санкцияга кабылабы? деген сыяктуу ар кандай суроолор пайда болду. Бул бир гана казакстандык өнүмдөрдүн аталган өлкөлөргө экспортуна байланыштуу эмес. Белгилүү болгондой, биз бүт дүйнө менен эркин соода кылабыз. Ал эми бирдиктүү евразиялык бажы мейкиндигинин аркасында товарлардын агымы абдан жөнөкөйлөштүрүлдү. Ошондой эле Казакстан аркылуу Орусия, Беларуска жөнөтүлгөн товарлар көп. Ал эми биздин азыркы милдетибиз реэкспорт коркунучунан улам санкция киргизген өлкөлөрдүн көңүлүнө түшүп калбоо», - деп Казакстандын Соода жана интеграция министри Бакыт Султанов Facebook баракчасына жазды.
Ошондой эле, платформада эки өлкөнүн базарларынан кетүүнү чечкен эл аралык компаниялардын тизмеси да жарыяланган. Бардык маалыматтар өкмөттүн расмий сайттарынан алынган. Кошумчалай кетсек, жаңы даректер чыккан сайын сайттагы маалыматтар толукталып турат, деди министр.
Которгон: Илгиз Жамалбеков