Жыйындын биринчи күнү аянтта 20 панелдик сессия уюштурулду. Анда өлкөдөгү санариптик тоо-кен казып алуудан тарта тармактарды роботташтырууга чейинки темалар ортого салынды. Өз кезегинде санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү бүгүнкү күндө эң көп дегенде бир саатта ала турган кызматтардын комплекси иштелип жатканын айтышты. Жалпысынан форумдун катышуучулары Казакстанда санариптештирүү жогорку деңгээлде экенин белгилешет.
Багдат Мусин, санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөржай министри:
- Бүгүн биздин форумга 20 миң катышуучу катталды. 30дан ашык панелдик сессиялар жүргүзүлөт жана анда венчурдук капиталисттер да болот. Дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан адамдар бул жерге венчурдук инвестицияны талкуулоо үчүн келишти. Азыр өзүңүздөргө белгилүү болгондой, системалуу түрдө IT тармагын өнүктүрүү үчүн окутуу же акселерацияны эле эмес, аларга колдоо көрсөтүп турабыз.
Дмитрий Макарук, илимий изилдөө технопаркынын мүдүрү/Беларус
- Мен Казакстандан залалдуу шишик скрининги менен алектенген стартапты көрдүм. Башкача айтканда, алар компьютердик томографияны алышат. Брестте менде MРТ сканерлерин жасашкан резиденттерим бар. Башкача айтканда, аракеттер бириктирилсе, рактын алгачкы баскычын аныктоо бир топ ылдам болмок.
Өнөр жай секторунда, саламаттыкты сактоодо жана билим берүү тармагында санариптик трансформация ийгиликтүү жүргүзүлүүдө. Креативдүү индустриясы - учурда өлкөдө өнүгүп жаткан тенденциялардын бири. Бул тууралуу бүгүн форумдун катышуучулары талкуулашат. Белгилей кетсек, Digital Almaty – бул тажрыйба алмашуу гана эмес, жаңы байланыштарды түзүү жана жаңы технологияларды үйрөнүү мүмкүнчүлүгү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков