Москвадагы көргөзмөдө Казакстан павильону Алтын белги менен сыйланды

Москвадагы көргөзмөдө Казакстан павильону Алтын белги менен сыйланды

Казакстан павильону Москвадагы калк чарбачылыгынын жетишкендиктери  көргөзмөсүндө Алтын белги менен сыйланды. Сыйлык маданий-агартуу программасы, ошондой эле маданий объектилерди калыбына келтирүүгө кошкон салымы үчүн берилди. Аны тапшыруу аземи «Элдердин достугу» фестивалынын алкагында өттү. Ошондой эле, өлкөнүн павильонунда казак тилин үйрөнүү сабагы, тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдештер, түрдүү мастер-класстар уюштурулду.

Игнат Жолобов, ХШЖК стратегиялык өнүктүрүү департаменти башчысынын орун басары:

– Казакстандын павильону көргөзмөнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды. Ал негизгилердин бири. Көп функционалдуу комплекс, кызыктуу экспозиция. Буга келгендердин саны да көп.

Тамара Бабакова, Казакстан павильону башкы мүдүрүнүн орун басары

– Иш күндөрү болжол менен 3-4 миңдей конок келет. Кээде 6 миңге чейин жетет. Ал эми бугу айынын 9зу сыяктуу майрамдарда биздин павильон көрүүчүлөрдүн саны боюнча рекорддук деңгээлге жетти. 32 миң конок келди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков