Январь окуясына шектелген 349 адам камакта отурат

Январь окуясына шектелген 349 адам камакта отурат

Имараттарды бузууга, өрттөөгө, курал-жарактарды уурдоого, ошондой эле мамлекеттик объектилерге жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине куралдуу кол салууга жигердүү катышкан 349 шектүү камакта отурат. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын 1-кызмат башчысынын орун басары Елдос Килымжанов билдирди. Анын айтымында, ар бир камакка алынган адам боюнча алардын кылмыштарга тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматтар жетиштүү.

Елдос Килымжанов, башкы прокуратуранын 1-кызмат башчысынын орун басары:

- Бүгүнкү күндө 8 аймакта 30 миңден ашык иликтөө иштери жүргүзүлдү. 4 миңдей соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Жалпысынан январь окуясы боюнча сотко 479 кылмыш иши түшүп, 545 адам соттолгон. Мүлккө зыян келтирүү менен байланышкан оор кылмыштарды жасаган, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтурбаган жана соттуулугу өтө элек, эркиндигинен ажыратылган 83 соттолуучу бар.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, январь окуясында жалпы суммасы 343 миллион теңгеден ашык жеке менчик мүлк тонолуп, катталган. Анын ичинде 12 автоунаа, 317 тиричилик техникасы, 189 зер буюмдары, 386 уюлдук телефондор, 550гө жакын ар кандай кийимдер, 16 миллион теңгеден ашык накталай акча жана башка көптөгөн нерселер бар. Министрликтин өкүлүнүн айтымында, массалык баш аламандык учурунда уурдалган курал-жарактарды издөө иштери дагы эле улантылууда.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков