Сеулда өткөн иш-чарага 70 өлкөдөн 800 туристтик компания катышты. Казакстандын стенди Алматы облусунун акимчилиги тарабынан көрсөтүлдү. Ишкердик программадан тышкары, жергиликтүү уюштуруучулардын айтымында, көңүл буруу үчүн актёрлор жана музыканттар чакырылып, конокторго улуттук тамак-аштар тартууланды.
Айбар Теменов, Алматы облусту боюнча туризм башкармалыгынын башчысы:
- Биздин эсеп боюнча Казакстан стендине 40-50 миңдей адам келген. Көргөзмөгө келгендер улуттук тамак-аштардан, боорсок, курут, казыдан даам татышты. Алар биздин музыканттардын концерттик программасы менен канааттанышты. Аларга казактын улуттук аспаптары, байыркы кол өнөрчүлүгү абдан жакты. Биз бул багытта иштей беришибиз керек. Имиджди көтөрүү үчүн ушундай иш-чараларга катышууну көздөп жатабыз. Анткени биз жасаган ишибиздин жыйынтыгын көрүүдөбүз. Айтайын дегеним, биз кулжа айынын башында Түштүк Кореядан конокторду күтүп жатабыз – булар туроператорлор. Эртең мененки бейпилдик өлкөсүнөн таанып билүү сапарлары теке, баш оона айларында да болот.
Белгилей кетсек, былтыр Түштүк Кореядан Казакстанга 16 миң турист келген. Саякатчылар жаратылыш, тарых, маданият менен гана эмес, жалпысынан өлкөбүздүн улуттук колорити менен таанышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков