Евробиримдиктин өлкөдөгү өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен басылып чыккан эмгектин 500дөй нускасы жарык көрдү. Комикстин негизги темасы санариптик чөйрөдө балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу. Башкы каарман Кайсар - балдарга интернет аркылуу сыйкырдуу дүйнөсүндөгү коопсуздук эрежелерин айтып берет.
Кестутис Янкаускас, Казакстандагы Европа Биримдигинин элчиси:
- Интернет жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Албетте, балдарыбыз интернеттен көбүрөөк маалымат алышын каалайбыз. Бирок, биз керексиз жана кажетсиз маалыматтардан да коргошубуз керек.
Бек-Ата Даниял, сценарий автору:
- Менин өзүмдүн Кайсар деген каарманым бар эле. Бирок мен аны бир аз өзгөртүп, интернет чебери кылып койдум. Балдардын кабыл алуусуна жеңил болсун деп 5 беттен турган мини-комикс түзүүнү чечтик. Балдарга жагат деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков