Казакстанда Британия жана Корея университеттеринин филиалдары ачылышы мүмкүн

Казакстанда Британия жана Корея университеттеринин филиалдары ачылышы мүмкүн

Бул багытта өлкөнүн илим министрлиги тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Жакын арада Британиянын алдыңкы билим берүү мекемесинин филиалы ачылышы мүмкүн. Мындай сунушун Саясат Нурбек Улуу Британиянын жогорку окуу жайларынын жетекчилери менен жолугушууда билдирди.

Айболат Абитбеков, илим жана жогорку билим министрлигинин департамент башчысынын орун басары:

- Саясат Нурбек мамлекет башчысынын дүйнөнүн алдыңкы 5 университетинин филиалын, анын ичинде техникалык жогорку окуу жайын ачуу тапшырмасына кеңири токтолду. Британдык кесиптештерибиз өлкөбүздө жүрүп жаткан иштерге кызыгышты. Тараптар кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү боюнча бир бүтүмгө келишти.

Мындан тышкары Шинхан университетинин филиалын ачуу пландалууда. Күн Чыгыш өлкөсүнүн эң мыкты жогорку окуу жайларынын бири Кызылорда шаарында жайгашкан. Мындан тышкары, облустук акимчиликтин маалыматы боюнча, окуу жайдын жетекчилиги Сеул кибер университети менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишкен. Белгилей кетсек, Казакстанда чет өлкөлүк окуу жайлардын филиалдарынын ачылышы өлкөнүн дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграцияланышына, ошондой эле республиканын экономикасын көтөрүү максатында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков