Кышкы туризмди өнүктүрүү

Кышкы туризмди өнүктүрүү

Алматы, Астана жана Кызылорда облусу чет элдиктер үчүн эң популярдуу багыт болуп саналат. Жыл башынан бери Казакстанга эки жүз миңден ашуун чет элдик турист келген – мындай маалыматтар eQonaq маалымат системасында жазылган. Ал эми бул көрсөткүч, серепчилердин божомолу боюнча, кыйла өсүшү мүмкүн. Мунун бир катар себептери бар. Атап айтканда, туризмдин кышкы түрлөрүн өнүктүрүү, турпакеттерди жана маршруттарды кеңейтүү.

Ернур Кенжебеков, «Kazakh Tourism» улуттук компаниясынын басма сөз катчысы:

Быйыл дүйнө жүзү боюнча туризм жанданып жатат десек болот. Анын ичинде эл аралык туризм. Ошондуктан, онлайн жана оффлайнды да активдүү илгерилетүү керек. Мисалы, роуд-шоуну алалы. Бул эң эффективдүү илгерилетүү варианты, мында бирге бизнес менен байланышат, туристтерди кабыл алуу боюнча келишимдер түзүлөт. Быйыл 8-9 роуд-шоу өткөрдүк.

Конокторду тартууга ишкерлер өздөрү да кызыкдар. Алардын эс алуу жайларында тейлөөнүн түрлөрүн көбөйтүүдө. Алматы облусунда, албетте, бул лыжа базалары. Бул жерде башталгычтар үчүн да, жакшы тепкен тажрыйбалуу сүйүүчүлөрү үчүн да кызыктуу жаңы маршруттар түзүлдү. Көбүнчө бул жерден Бириккен Араб Эмираттарынан, Түштүк Кореядан жана Индиядан келген туристтерди кезиктирүүгө болот. Бирок Астананын жанындагы бул эс алуу аймагында активдүү эс алуу үчүн алар карда жүрүүнү, муз тебүүнү жана эң негизгиси кышкы балык уулоону сунушташат.

Данияр Сагымбаев, эс алуу аймагынын мүдүрү:

Кышында көбүнчө чет элдиктер келишет. Кыш мезгили жоктор. Аларды хаски аттракциондор, слайддар жана муз тебүүчү аянт өзгөчө кызыктырат. Биринчи муз менен спорттук балык уулоону пландап жатабыз.

Казакстан ата мекендик туристтер үчүн кышкы эс алууну өнүктүрүүнү көздөп жатат. Мамлекеттин колдоосу менен бир катар конкреттүү кадамдар жасалды. Ошентип, жаңы жылдан тарта 17 жашка чейинки казакстандыктар ата-энелери менен учакта таптакыр бекер жүрө алышат. Ал үчүн үй-бүлө туроператордон толук тур пакетин сатып алышы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков