Белгилүү казак балбаны Кажымукан Мунайтпасовдун «Джамбия» канжары өлкөнүн Улуттук музей фондуна тапшырылды. Белгилей кетсек, балбанга 1912-жылы турнирде жеңишке жеткени үчүн белекке берилген легендарлуу куралды өлкөгө кайтаруу иштери бир ай бою жүргүзүлдү. Буюмду араб чеберлери Кажымуканга арнап жасашкан. Ал эми канжардын аныктыгын ата мекендик жана чет элдик окумуштуулар текшерүүдөн өткөргөн. Мындан тышкары, музейде казактын улуу балбанына таандык болгон башка да эстеликтер жыйналып, көргөзмө ачылды.
Калиолла Ахметжан, этнограф-курал-жарак
тарыхын изилдөөчү:
- Ага бул канжар ажылыктан
эстелик катары берилген. Бирок канжардын башка жакка кантип кетип калганы
азырынча белгисиз. Ал эми канжардын жазуусу, жасалган убактысы, анын түрү баары
ошол
учурга
туура
келет.
Мен эле эмес, башка да серепчилер болду. Атактуу балбан Кажымукан Мунайтпас
уулуна Шагыр пашадан эстелик деп жазылган. Ал эми бир жагында ажылык сапардан
эстелик деп жазылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков