Аяулым Хамитханова, 10-класстын окуучусу:
Бул адамдар үчүн алмаштырылгыс курал болуп калат. Башкача айтканда, ушул убакка чейин биздин казак тилибиз, эне тилибиз боюнча мындай изилдөөлөр жүргүзүлө элек жана ушундай аталган тесттердин Казакстанда биринчи жолкусу деп айтууга болот.
Долбоордун идеясынын автору Сымбат Мажиков башка тилдерди билүү деңгээлин аныктоочу куралдар абдан көп экенин айтат. Ал эми эне тилге келгенде КАЗ тестине гана таянабыз дешет. Ошондуктан, ал сөз байлыгын өлчөө аркылуу казак тилин текшерүүгө багытталган тестти ойлоп тапкан. Ал тургай, өзгөчөлүктөрүнө да токтоло кетти.
Сымбат Мажиков, англис тилинин мугалими:
Өзгөчөлүктөрү, бул тест абдан жеңил, көп убакытты талап кылбайт. Ал эми анын жыйынтыгы так, конкреттүү деңгээлин көрсөтүп турат. Ар бир адам өзүнүн деңгээлин интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар каалаган жерден, жада калса телефонунан да текшере алат.
Долбоорду ишке ашыруучулар бул тест системасы аркылуу мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салым кошорун айтышууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков