Казакстандын атайын кызматы суу
ташкынына алгачкы этаптан даярданып жатат. Өкмөттө жазгы туут мезгилине даярдык
талкууланды. Өзгөчө кырдаалдар министринин айтымында, селдин алдын алуу иш-чаралары
455 миңден ашык калкы бар 600дөн ашык калктуу конуштарда коркунучту азайтып,
200дөн ашык калктуу конуштарда аны толугу менен жоюуга мүмкүнчүлүк түздү. Бул
үчүн жыл башынан бери 25 чакырым убактылуу дамба жана 57 чакырым тосмо
курулган. 5 миң километрге жакын каналдар жана 6 миң чакырым арыктар, 15 миң
суу өткөрүүчү жолдор жана 3 миңден ашык темир жол курулуштары тазаланды. Акимдиктер
менен биргеликте сел коркунучу бар аймактардын тизмеси оңдолду. Премьер-министр
өлкөнүн бардык аймактарында селди моделдөө үчүн санариптик платформаны иштеп
чыгууну тапшырды.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
Биз атайын суу ташкынына даярдыкты эртерээк карап жатабыз. Жазга чейин дагы бир аз убакыт бар. Бирок кышка чейин бардык даярдыктар бүткөрүлүшү керек. Суу ташкындары каталарды кечирбейт, артта калуулар жана бөлүштүрүлбөгөн каражаттар өзгөчө кырдаалдарга алып келиши мүмкүн, кошумча Жол картасы өз убагында аткарылбаса дээрлик ишке ашпай калат. Бул өз кезегинде материалдык жоготууларды жана суу каптоо коркунучун көбөйтөт. Тиешелүү мамлекеттик органдар үстүбүздөгү жылдын аягына чейин белгиленген селге каршы иш-чаралардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүсү зарыл.
Которгон: Илгиз Жамалбеков