Калифорниядагы казак тили сабагы

Калифорниядагы казак тили сабагы

Американын Лос-Анджелес шаарында ар ишемби күнү казак тили сабагы өткөрүлөт. Муну жергиликтүү кандаштар уюштурган. Максаты – бөтөн жерде өскөн жаш казак балдарын өз түпкү тамырына жакындатып, эне тилин үйрөтүү. Сабактар ​​балдардын зеригип калбашы үчүн оюн-зоок жана сынак түрүндө өткөрүлөт. Окуучулар ырдап, бийлеп казак адабияты өкүлдөрүнүн чыгармаларын жатташат.

Гүлнар Бөрибаева, Калифорния казак биримдигининин ыктыярчы казак тили мугалими:

Биз окуу программасын өзүбүз түздүк. Биз бул балдар үчүн бардыгын иштеп чыктык. Куралдар жана жабдуулар жетишпейт. Ыктыярчылар жардам беришет.

АКШга билим алуу үчүн келген Гүлнар билим алып, мугалимдик кесипти аркалай алат. Жыйынтыгы жаман эмес дейт ал, мектепте англис тилинде окуп жаткан балдар өлкөгө барганда такалып калбай турган деңгээлде.

Гүлнар Бөрибаева, Калифорния казак биримдигининин ыктыярчы казак тили мугалими:

Балдардын деңгээли да ар кандай. Айрымдары жаңы эле келсе, айрымдары алты жылдан бери жашап жатышат. Биз баарын эске алып, бала үчүн баарын камтууга аракет кылабыз.

Айман Бердибай, Лос-Анджелес тургуну/студент:

Бул жерге келгенибизге эки жыл болду. Жардам берип жатат. Балдар англис мектебинде окуган үчүн, тилдери көнүп кетет. Ал эми бул жерге келип казак тилин сактап жүрөт.

Калифорниядагы коомчулук казак тили сабагын уюштурганына эки жылдын жүзү болду. Жергиликтүү кандаштар арасында казак тили менен каада-салтын даңазалоо иштери улантыла бермекчи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков