Сенат кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштырууга багытталган мыйзамды кабыл алды

Сенат кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштырууга багытталган мыйзамды кабыл алды

Биринчи жолу эркинен ажыратылган жарандар бошотулуп, кайра кылмыш жасагандардан өзүнчө кармалат. Бул жаңычылдыктар Улуттук Сенат тарабынан кабыл алынган кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштырууга багытталган мыйзамда каралып жатат. Жаңы документке ылайык, мындан ары абактагы аялдардын мөөнөтү 4 жылга чейин узартылат. Жалпысынан республика боюнча түзөтүү мекемелеринде бул нормага туура келген 29 аял бар. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу жоопкерчилик күчөтүлөт. Ошондой эле документтин алкагында кыйноо жана ырайымсыздык деген түшүнүктөрдү айырмалаган жаңы берене пайда болду. Башкача айтканда, мыйзамдын максаты – кылмыш системасын эл аралык талаптарга ылайыкташтыруу. Бул жаатта тутумду санариптик системага өткөрүү маселеси да эске алынган.

Марат Ахметжанов, ишчи иштер министри:

- Сунушталган өзгөртүүлөр Кылмыш-жаза, Кылмыш-процессуалдык, Кылмыш-аткаруу кодекстерине жана Улуттук коопсуздук жөнүндө мыйзамга киргизилет. Алар жарандардын укуктарын бекемдөөгө, Кыйноолорго каршы конвенциянын талаптарын аткарууга, бир катар кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган. Өлкөдөгү бардык иликтөөлөрдүн 95%ы ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлөт. Иштин көлөмү көп болгондуктан оорчулук да аз эмес. Ошондуктан бүгүнкү күндө тергөөнүн электрондук форматы жигердүү киргизилип жатат. Өткөн жылы полиция ушул форматтагы кылмыштардын 91%ын тергеп чыккан. Тергөө учурунда видеого тартуу ыкмасын колдонуп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков