«GUL ASTANA» фестивалы башталды

«GUL ASTANA» фестивалы башталды

Иш-чаранын максаты - Казакстандын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн көп түрдүүлүгүн жайылтуу, шаар тургундарына жана конокторуна жаркын маанай тартуулоо. Ландшафт дизайнерлери жана флористтер колунан келгендин баарын жасаганын көрүүгө болот. Маселен, боз үйдүн образындагы боз үйлөрдө өлкөнүн төрт кубулушу тизмектелип, бай өсүмдүктөр дүйнөсү чагылдырылган.

Майра Измайлова, фестиваль продюсери:

- Бул жерге келген ар бир адам Казакстандын бүтүндөй пейзажын бир жерден көрө алат. Мындан тышкары, биз түрдүү гүлдөр менен кооздолгон 6 атайын фото аянтчаларды түздүк. Ал тургай легендарлуу Дос-Мукасан тобуна арналган аймак бар. Бир гана Алтай аймагында өскөн гүлдөр менен фото жай жасадык. Жыл мезгилдери даана көрүнүп турган чатыр курулган. Биз флорага байланыштуу башка кызыктуу иш-чараларды сунуштайбыз.

Ошондой эле, фестивалдын алкагында «Тирүү гүлдөр» темасында сүрөт парады өтүп, флористтер сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталат. Ар кандай театрлаштырылган интерактивдүү программалар жана мастер-класстар уюштурулат.

Жеңис Ермуканов, кабарчы:

- “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” демекчи, ар бир эркек өз колу менен гүлдестелерди жасап, кооз композицияларды жарата билиши керек. Анткени өз колуң менен жасалган белек ар дайым баалуу экени белгилүү.

Бул жөн гана гүлдөрдүн маңызын ачкан көргөзмө эмес. Аталган иш-чара аркылуу уюштуруучулар шаар тургундарын эко-кыймылга тартуу, чийки затты кайра иштетүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүү жана эко-активисттерди бириктирүүнү максат кылышууда. Келгендер эко-сабактарга катышып, таштандыларды кереккке жаратуу жолдорун үйрөнө алышат.

Фердуса, Фестивалдын коногу/Кыргызстан:

- Бул абдан пайдалуу фестиваль. Таң эртеден адамдардын көңүлү жайдары. Кооз искусство объектилери сунушталган. Бардыгы гүлдөр менен кооздолгон. Мындан тышкары, алардын ар бири жашыруун мааниге ээ. Бул жерде экология жана жалпы өлкөдөгү жаратылыш көйгөйлөрү талкууланат. Айрыкча шаарды гүлдөтүүнүн маанилүүлүгү көрүнүп турат.

Иш-чаранын жыйынтыгында шаар куруучулар Астананын жашыл картасын түзүп, сейил бактарды түзүү үчүн эң эффективдүү жерлерди белгилеп, борбордун символу боло турган гүлдү тандашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков