Казакстандык шайлоочулар маслихаттын жана мажилистин депутаттарынын мандатын жокко чыгарышы мүмкүн. Бул тууралуу Мажилистин жалпы жыйында “Казакстан Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарына мамлекет башчысынын 2022-жылдын жалган куран айынын 16дагы кайрылуусун ишке ашыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” долбоорун депутаттарга сунуштап жатып юстиция министри Канат Мусин билдирди. Анын айтымында, бул реформанын маанилүү кадамдарынын бири. Анткени мурда мындай норма мыйзамдарда эч качан болгон эмес.
Канат Мусин, Казакстандын юстиция министри:
- Бул депутаттын өзүнөн көз каранды. Шайланганда элдин сөзүн угуп, убадасын берип, бирок аткарбагандар бар. Депутаттык мандатын алып, эл менен жолукпай, аралашпай качып жүргөндөр да жок эмес. Ар бир ишти шайлоочулар өздөрү карайт. Бул депутатка ишеним барбы же жокпу - деп.
Министрдин айтымында, депутаттык мандаттан ажыратуу жараяны да добуш берүү системасы аркылуу жүргүзүлөт. Ошондой эле, Мажилистин жыйынында тогуздун айынын 25деги мамлекеттик майрам – Республика күнү деп белгилөө боюнча мыйзам долбоору палатанын депутаттары тарабынан каралып, жактырылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков