Биздин заманга чейинки 5-2-кылымдарга таандык уникалдуу экспонаттар Маргулан атындагы археологиялык музейден Алматыдагы Республикалык борбордук мамлекеттик музейге өткөрүлүп берилди. Каргалыдан табылган эң баалуу байыркы табылгалар жана экспонаттар мурда да бул жерде сакталып келген. Эми тарыхый казуулардагы бардык экспонаттар бир борбордо топтолот. Анткен менен археологдордун айтымында, ал мезгилдин тарыхындагы боштуктарды аныктоо үчүн дагы көп нерсе жасалышы керек. Эске салсак, экспонаттарды 1939-жылы айыл тургуну Николай Есипов кокустан таап алган.
Акан Оңгар уулу, А. Маргулан атындагы археология институтунун башкы мүдүрү:
- Бул мүрзөнүн жайгашкан жери көп нерседен кабар берет, андыктан мүрзөнүн так жайгашкан жерин далилдеген экспонаттар, алтын жасалгалар менен бирге ошол эле борбордук музейде сакталган чоң коллекциядагы экспонаттар менен бирге өткөрүп турган жерибиз бар. Башкача айтканда, бүт коллекция бир жерде сакталсын, бири-бирин толуктап турсун деген ниетте. Мындан ары дагы толуктоо-изилдөө иштерин жүргүзүү керек болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков