WORLD DOG SHOW 2025: Казак тазысы дүйнөлүк коомчулукту багындырды

WORLD DOG SHOW 2025: Казак тазысы дүйнөлүк коомчулукту багындырды

Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстандын кинологдор союзун казак тазы породасынын эл аралык аренада ийгиликтүү дебюту менен куттуктады. 2025-жылы Хельсинкиде өткөн Бүткүл дүйнөлүк иттер көргөзмөсүндө казакстандык үй жаныбарлары Эл аралык кинология федерациясы тарабынан алдын ала таанылган өз алдынча порода катары биринчи жолу катышып, жети башкы сыйлыкка ээ болушту. Беш тазы «Жаш дүйнө чемпиону», «Дүйнө чемпиондору», «Дүйнө вице-чемпиондору» сыяктуу байгелүү орундарга ээ болушту. Экөө Финляндиянын чемпиондору наамын алышты. Эске сала кетсек, тайгандар өлкөбүздүн улуттук байлыгы деп таанылып, казактардын жети казынасынын катарына кирет. Планетанын эң ири кинологиялык иш-чарасына ондогон өлкөлөрдөн 25 миң ит чогулду.

Которгон: Назира Бегалиева