Францияда өткөн эл аралык фестивалда казакстандык мультфильм жеңүүчү аталды

Францияда өткөн эл аралык фестивалда казакстандык мультфильм жеңүүчү аталды

Казакстандын "Өнөктөш" анимациялык тасмасы Францияда өткөн эл аралык фестивалда жеңишке жетти. Тасма кыска метраждуу тасмалар категориясында биринчи орунду алды. Мультфильмдин сюжети жоголгон мончокту издеп жүргөн эки детектив тууралуу баяндайт. Башкы каармандардын бири жыттарды тааный турган өзгөчө жөндөмгө ээ. Бул ага далилдерди табууга жана кылмыштарды иликтөөгө жардам берет. Мультфильмдин автору жана режиссёру Акежан Данияранын айтымында, тасма көрүүчүлөрдү бай жана жагымдуу окуя желеси менен өзүнө тартат. Детективдер жөнүндө анимациялык тасма тартуу идеясы ага университетте окуп жүргөндө келген. Бирок автор бул оюн кийинчерээк ишке ашырууга мүмкүн болгонун айтат. Кыска метраждуу тасманы тартууга 6 ай убакыт кеткен.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков