Казак маданияты менен адабияты АКШ борборунда

Казак маданияты менен адабияты АКШ борборунда

Казак тарыхы менен маданиятына байланыштуу илимий макалалар жана батыш окумуштууларынын баалуу изилдөөлөрү. Улуттук музыкалык аспаптар тууралуу подкасттар, 3D форматында Абай музейине онлайн саякат. Мунун баары АКШнын борборундагы Джордж Вашингтон университетиндеги Европа, Орусия жана Евразия изилдөө институтунун алдында түзүлгөн Абай борборунда жеткиликтүү. Бүгүнкү күндө студенттер арасында да Казакстанды таанып билүүгө кызыгуу күчөдү.

Мелони Садозай, WJ университетинин студенти:

Казакстан Вашингтондон канчалык алыс болсо да, бул борборго келгенде ушунчалык жакын сыяктуу сезилет. Мында казак маданияты менен жакындан таанышууга болот. Ошондой эле, бул борбордун "Улуу талаа обондору" подкасты да сапаттуу жасалган, жаңы эле угуп көрдүм.

2019-жылы түзүлгөн борбор эки жылдын ичинде бир катар иш-чараларды уюштурууга жетишкен. Мисалы, Гарвард университетинде Абайдын симпозиуму өтүп, анын мурастары коомчулукка тааныштырылды. Жакында Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына карата эл аралык онлайн илимий конференция болуп өттү.

Айтолкын Курманова, Европа, Орусия жана Евразиялык изилдөөлөр институтунун кызматкери:

Биз Абай борбору аркылуу тарыхый эстеликтерди көрсөтүп, маданий жетишкендиктерибизди гана таанытууну пландаган жокпуз. Ошол эле учурда, Казакстандын азыркы маданиятынын жаңылыктарын да жеткирүүнү туура көрдүк. Ошондуктан борбордун ишин кеңейтүү боюнча чоң пландарыбыз бар. Биздин өлкө тууралуу маалыматты англис тилинде таратуу Америкада гана эмес, бүткүл дүйнөдө Казакстанга делген кызыгууну арттырат деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков