Казакстан «Улуу талаа жоругу» эл аралык марафонун өткөрөт

Казакстан «Улуу талаа жоругу» эл аралык марафонун өткөрөт

«Улуу талаа жоругу» эл аралык марафону бугу айыда башталат деп мерчемделген. Учурда даярдык иштери активдүү жүрүп жатат. Масштабдуу иш-чарага өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Алар беш күндүн ичинде 500 чакырым аралыкты басып өтүшү керек. Катышуучулар басып өтө турган багыты Алматы облусунун тарыхый жана кооз жаратылыш жерлерин камтыйт. Марафондун алкагында уюштурулган маанилүү иш-чаралардын бири-асыл тукум жылкылардын көргөзмөсү. Анда коноктор казакстандык уникалдуу породалар менен тааныша алышат. Мындан тышкары, улуттук кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү уюштурулат. Белгилей кетсек, эл аралык марафон Алматы облусунун туризмин өнүктүрүүгө жаңы дем берип, өлкөнүн спорттук беделин бекемдейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков