Silk
Way Star эл аралык музыкалык долбоорунун гранд финалына саналуу күндөр калды -
ушул ишембиде жеңүүчүнүн аты белгилүү болот. Ал ортодо катышуучулар репетицияга
бүт убактысын арнап, алдыдагы номердин ар бир нотасын жана деталын тактап
жатышат. Белгилей кетсек, башкы жеңиш үчүн 7 катышуучу ат салышат - Казакстан,
Малайзия, Монголия, Кытай, Армения, Өзбекстан жана Грузиядан келген ырчылар.
Артисттердин айтымында, финалды күтүү бир эле учурда толкундануу жана
жылуулукту тартуулайт - анткени чыгармачылык мелдеш катары башталган сынак бардык катышуучуларды чыныгы эл аралык
үй-бүлөгө айлантты. Silk Way Star финалын көрүүчүлөр жетинин айынын 22де Jibek Joly/Silk Way телеканалынан түз
эфирде көрө алышат.
Автандил Абесламидзе,
Silk Way Star катышуучусу /Грузия:
- «Silk Way Star» –
бул элдерди бириктирген чынында эле уникалдуу шоу, ага катышуу менин жашоомдогу
эң жаркын жана жылуу эскерүүлөрдүн бири болуп калат. Финалда мен абдан кооз, бирок ошол эле учурда татаал ырды аткарам. Анын
терең тексти бар жана менимче, ал көрүүчүлөргө көп нерсени айта алат. Менин
мекенимде менин долбоорго катышканымды көптөр билишет жана мага күйүп-бышып
турушат.
Алем, Silk Way Star катышуучусу /Казакстан:
- Менин бул долбоордогу эң
чоң жеңишим - 11 укмуштуудай вокалист менен таанышканым болду. Эми менин 11
өлкөдө досторум бар. Бул сынактын маңызы,
мааниси жана миссиясы - адамдарды бириктирүү жана элдерди бириктирүү. Биринчи
кезекте - артисттерди чогултуп, маданий алмашууну түзүү. Ошондуктан мен мындай
долбоорлор биримдикке жана достукка жол ачат деп чын жүрөгүмдөн ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

