Калифорниядагы домбра ийрими

Калифорниядагы домбра ийрими

АКШнын Лос-Анжелес шаарында «Калифорния Казак Ассоциациясы» тарабынан ачылган домбра ийрими казак балдарын улуттук өнөргө үйрөтүүдө. Акыркы бир жылдын ичинде жаш домбрачылар бир нече күүлөрдү үйрөнүштү. Балдар жаш курагына жараша эки топко бөлүнөт. Улуу топтогулдардын көбү Америкада биринчи жолу барабанды колго алышкан.

Бекнур Абдисакып, домбра ийриминин окуучусу:

Бул жакка келип, домбраны колума кармадым. Азыр мен ага абдан көнүп калдым. Бир эки күүлөрдү билем.

Жигер Сапаров, домбра ийриминин окуучусу:¤

Казак болгондон кийин домбрага кызыгам. Ар бир казак домбрада ойношу керек деп уккам. Анан атама окшоп ойногум келип, баштадым.

Меруерт Бауырдан, Домбра ийриминин окуучусу:

Өлкөдө жүргөндө казактын салтына анча деле кызыкчу эмеспиз. Бул жакка келип түшүндүк. Маданиятыңды, салтыңды, дасторконуңду сагынат экенсин. Ошондуктан тилди өздөштүрүп, домбраны үйрөнүп жатабыз.

Ийримде негизинен ыктыярчылар сабак беришет. Айгерим Нуржаубекова музыкалык билимди Казакстанда алган. Ал бул өлкөдө биринчи жолу мугалимдик карьерасын баштап жатат.

Айгерим Нуржаубекова, Калифорния казак бирикмесинин ыктыярдуу мугалими:

Кээ бир балдар Казакстанда ойноп жүргөн. Алардын айрымдары бул жерде биринчи жолу домбраны колго алды. Жыйынтыгы жаман эмес. Алардын айрымдары беш күүнү үйрөнүп алышты.

Домбра үйрөнүүнү каалаган балдардын саны көбөйүшү толук мүмкүн. Айгеримдин айтымында, башка балдардын домбра ойногонун көрүп, кызыккандар арбын. Ошондуктан бир-эки жылдан кийин Лос-Анжелесте казактын улуттук фольклордук ансамбли түзүлүшү таң калыштуу эмес.

 Которгон: Илгиз Жамалбеков