Алматыда ХІ эл аралык «BASTAU» кинофестивалы өз көшөгөсүн ачты. Төрт күнгө созула турган сынак студенттик жана дебюттук тасмаларга арналат. Быйылкы салтка айланган иш-чарага BASTAU SHORTS эл аралык сынак программасы кошулду. Анда дүйнөнүн 28 өлкөсүнөн кыска метраждуу, документалдык жана анимациялык дебюттук чыгармалар көрсөтүлөт. Бул сынакка катышуу үчүн Түркия, Иран, Гонконг, Италия, Сербия, Нидерланды, Мексика, Польша жана башка өлкөлөрдөн 500гө жакын билдирме келип түшкөн. Ал эми жаш киночулардын профессионалдык эмгектерине кесипкөй адистер баа берет. Ошондой эле фестивалдын алкагында жаш режиссерлорго арналган Almaty Film Lab чеберканасы экинчи жолу уюштурулат. Сынак бештин айынын 14нө чейин уланат.
Сергей Азимов, Кино фестиваль президенти:
- Жалпысынан казак киносунун дарамети өтө жогору. Коомдо көйгөйлөр жетиштүү бирок биздин негизги максатыбыз-жаштардын жашоого болгон мамилесин, ниетин, камкордугун, алардын көз карашын бүт аудиторияга көрсөтүп жеткирүү.
Диана Ашимова, Кино фестиваль арт-мүдүр:
- Берлин сынагынын Гран-приси «алтын аюу» сыйлыгынын ээси, режиссер Анастасия Вебердин мастер-классы болот. Ал жаш кино адистерине чет өлкөдөгү Кино фонддорго туура арыздарды берүү жана өз долбоорлоруна каражат тартуунун оош-кыйыштарын үйрөтүп, эл аралык сынактарга жана изилдөөлөргө катышуу үчүн коюлган негизги талаптар жөнүндө айтып берет. Башкача айтканда, кино өндүрүшүнүн каармандары пайдалуу кеңештер менен бөлүшүшөт. Тыңдоочулар мунун баарын эске алат деп үмүттөнөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

