Wanderlust Казакстанды саякаттоочу ТОП 24 өлкөнүн катарына кошту

Чет өлкөлүк белгилүү Wanderlust журналы Казакстанды саякаттоого боло турган ТОП 24 өлкөнүн катарына кошту. Таанымал британдык басылма рейтингин жарыялады. Казакстан 11-орунда жайгашты. Журнал окурмандарын Улуу талаанын кызыктуу тарыхын чагылдыра турган көчмөн элдердин көп кылымдык маданияты менен таанышууга чакырат. Бүгүнкү күндө казак элинин кооз табияты менен меймандостугу чет мамлекеттер арасында Казакстандын брендине айланууга жетишкен.

Кайрат Садуакасов, «Kazakh tourism» УК» АК башкарма төрагасы:

 

- Казакстан бул тизмеде биринчи көзгө илинет. Анткени өлкөбүз салыштырмалуу жаңы багыт. Жалпысынан бул порталды Америка, Европа, Азия өлкөлөрүнүн, дүйнөнүн булуң-бурчунан адамдар колдонот. Ошондуктан, Көчмөндөр оюндарынын өтүү алдында бул тизмеге кирүүбүз абдан жакшы болду. Бул өтө чоң иш-чара. Бешинчи жолу өткөрүлгөнү турат. Муну менен катар, анын Казакстандын баш калаасында өтө турганы абдан жакшы. Ушундай жол менен биз Казакстандын башка шаарлары менен бирге борборду өзгөчө белгилегибиз келет. Анткени ушул убакытка чейин Астана административдик аймакка, ишкерлик иш-чараларга көбүрөөк окшоп келген. Эми аны башка жагынан көрсөткүбүз келет.