Алматы облусунун тоолорунда куткаруучуларга арналган инновациялык үйлөр салынат

Алматы облусунун тоолорунда куткаруучуларга арналган инновациялык үйлөр салынат

Алматы облусунун тоолорунда куткаруучулар үчүн инновациялык үйлөр пайда болот. Алардын бири Чоң капчыгайдагы Күмбелсу суу көзөмөл бекетинде, экинчиси Батандагы Түргенде жайгашат. Алар жетүүгө кыйын аймактарда, тагыраак айтканда 2 миң метр бийиктикте иштеген кызматкерлердин жумуш шартын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Бул жерде куткаруучулар аймактын тоолорундагы суу ташкыны жана сел каптоо мезгилинде күнү-түнү көзөмөл жүргүзөт. Капсулалык үй автономдуу жылуулук, жарык менен жабдылган жана тоолуу жерлердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жылытылган. Бул жерде жумуш аймагы, ашкана, даараткана жана уктоочу бөлмө бар.

Шыңгыс Аринов, Өзгөчө кырдаалдар министри:

- Биз бул үйлөрдү социалдык жоопкерчиликтүү бизнесмендерден алабыз. Алар объектилерди казакстандык куткаруучулар фондуна берген. Мурда ушул капчыгайларды кыш мезгилинде бир нече жумага жаап салчубуз. Ошол кезде көптөгөн туристтер, эс алуучулар тарабынан арыз түшчү. Алар жолдон өтө албай тургандарын айтышчу. Биз нөөмөттү жана көзөмөлдү күчөттүк. Учуу иштерин жана көчкү коркунучу бар участоктордо алдын алуу иш-чараларын күчөттүк.

Которгон: Илгиз Жамалбеков