Референдумдун маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгү аяктоодо

Референдумдун маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгү аяктоодо

Казакстанда атомдук электр станциясын куруу маселеси боюнча референдумдун маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгү аяктап жатат. Бул тууралуу мамлекеттик кеңешчи телеграмма каналына жазды. Ерлан Кариндин айтымында, бул Казакстандын саясий тарыхындагы эң узак, 400 күндүк өнөктүк. Бул убакыттын ичинде элде өзүнүн салмактуу пикирин калыптандырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Ерлан Карин, Мамлекеттик кеңешчи:

– Өнөктүк өз ара түшүнүшүү атмосферасында олуттуу өттү. Белгилей кетсек, референдум учурунда өлкөдөгү коомдук күчтөр биринчи жолу саясий эмес, экономикалык кызыкчылык жагынан өз аракеттерин бириктиришкен. «Amanat» партиясынын демилгеси менен 6 саясий партия жана 20дан ашык коомдук бирикме атомдук электр станциясынын курулушун колдоо боюнча элдик штаб түздү. Штабдын мүчөлөрү бардык региондордогу калк менен жолугушуу өткөрүштү, ага энергетика тармагынын алдыңкы серепчилери жана адистери катышты. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков