Казакстандын венчурдук фонддун кызматтары илим
фондуна кошулушу мүмкүн. Бул өлкөнүн илимий тармагына жеке инвесторлорду
тартууга жана ата мекендик илимий долбоорлорду каржылоонун жаңы булактарын
табууга жол ачылат дегенди билдирет. Бул тууралуу тиешелүү мекеменин башчысы
Саясат Нурбек билдирди. Сенат «Илим-техникалык
саясат жөнүндө» мыйзам долбоорун жана ага кошумча документтерди
биринчи окууда карап, кабыл алды. Министрдин айтымында, эгер мыйзам кабыл
алынса, Илим фонду өзү изилдөөнү талап кылган жаңы долбоорлорго венчурдук
каражаттарды тартууда кепил жана биргелешкен инвестор боло алат. Ошондой эле
жаңы документтин алкагында Казакстандын илимине жеке капиталын салган
инвесторлор үчүн биринчи жолу ар кандай салык жеңилдиктери каралган. Аларды
которуунун тартиби Каржы министрлиги менен кеңири талкууланды. Башкача
айтканда, ата мекендик изилдөөлөрдүн укуктук негиздерин өркүндөтүүнү камтыган
мыйзам бул тармактын дараметин жана
атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Саясат Нурбек, Илим жана жогорку билими берүү министри:
-Мыйзам кабыл алынса, инновацияга инвестиция салып, илимий-изилдөө институту, университет менен биргелешкен долбоор же ишкана түзүүгө ниеттенип, анын өндүрүшүнүн кошумча нарк чынжырына 150% салым кошо ала турган ар кандай жеке компанияга салык жеңилдиктери берилет. Бул абдан натыйжалуу курал болуп саналат. Эл аралык практикада жеке компания «мен инновацияга инвестиция салгым келет» десе, ал үчүн мамлекет «супер чегерүү» деген жеңилдиктерди берет. Башкача айтканда, мындай инвестициялар үчүн салык алынбайт. Бул механизмди биз биринчи жолу киргизип жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков