К. Токаев менен Пакистандын премьери сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

К. Токаев менен Пакистандын премьери сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Казакстандын Президентин тосуп алуу расмий аземи Пакистандын Премьер-министринин резиденциясында өттү, ал жерде Касым-Жомарт Токаевди өлкөнүн Өкмөт башчысы Шахбаз Шариф тосуп алды. Биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин Казакстандын жана Пакистандын улуттук гимндери ойнолуп, ардактуу кароолдун башчысынын рапорту угулду. Касым-Жомарт Токаев менен Шахбаз Шариф бири-бирине расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырып, андан соң сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Лидерлер акыркы жылдары Казакстан менен Пакистандын көп пландуу кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүшүн белгилеп, өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн келечегин карады. Соода, транспорт жана логистика, энергетика, айыл чарба, санариптештирүү жана космос тармактарында кызматташтыкты арттырууга өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев менен Шахбаз Шариф аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков