Казакстан аймактагы эң ыкчам өнүгүп жаткан санариптик рыноктордун бири катары өз позициясын чыңдоону улантууда. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча IT-кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү дээрлик эки эсеге өсүп, рекорддук 2,9 триллион теңгеге жетти. Негизги кардарлар мурдагыдай эле ата мекендик компаниялар бойдон калууда. Алар рыноктун болжол менен 87% түзөт. Ошол эле учурда санариптик чечимдердин экспорту да өсүүдө. Чет өлкөлүк кардарлардын суроо-талабы дээрлик үчтөн бирине көбөйдү. Программалык камсыздоону иштеп чыгуу, аны тестирлөө жана маалыматтарды иштетүү кызматтарына суроо-талап өзгөчө жогору. Ошондой эле Big Data технологиялары да барган сайын кеңири колдонулууда. Бүгүнкү күндө аны Казакстандагы төрт миңден ашуун ишкана пайдаланат. Алардын басымдуу бөлүгү соода, маалымат жана байланыш, ошондой эле курулуш тармактарында иш алып барат. IT-кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги көлөмү мурдагыдай эле Алматы жана Астана шаарларына туура келет. Бул эки шаар рыноктун 90% ашыгын түзөт.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

