Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер жана соода институтунун башкы кеңешчиси Ласло Васа биздин каналга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, өлкөлөрдүн тарыхый уландысы бүгүнкү күндө саясий, маданий жана экономикалык-социалдык байланыштар менен уланып келет. Тараптар акыркы мезгилде алдыңкы багыттар боюнча бир катар макулдашууларга жетишти. Өз-ара соода алмашуу бир жолго коюлуп келет. Маселен, өткөн жылдын 11 айында товар жүгүртүү 30%га өсүп, дээрлик 160 миллион долларга жеткен. Учурда Казакстандын аймагында 32 венгриялык жана 39 биргелешкен ишканалар ийгиликтүү иштеп жатат. Венгрия Казакстан жарандары үчүн визасыз өлкө. Ласло Васа өлкөлөр Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын ортосундагы көпүрө сыяктуу экенин айтат.
Ласло Васа, Венгриянын Тышкы иштер жана соода институтунун башкы кеңешчиси:
- Венгриялык компаниялар үчүн Казакстан аймактагы ишкердик жигердүүлүктү күчөтүүгө түрткү берген жана аймактык рынокко жол ачкан маанилүү өлкө. Казакстандык компаниялар үчүн да ушундай. Будапешт Европага көпүрө болуп саналат. Казакстан бизге европалык жашоо салтына караганда жакыныраак. Бул тарыхый үндөштүккө да байланыштуу. Тамыры терең стратегиялык өнөктөштүк эки тарапка тең бирдей пайдалуу экономикалык байланыштардын дараметин максималдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков