Казакстандык аскерлер Өзбекстандагы «Камкордук-2024» биргелешкен машыгуусуна катышууда. Аталган иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулган. Анын алкагында шарттуу душмандын күчтүү бөлүктөрү менен мамлекеттик чек арага киргенде жана өткөндө бөлүктөрдү башкаруу маселелери аткарылат. Операция жүрүшүндө калктуу конуштарга көчүп келген душмандын чакан топторун жок кылуу боюнча чаралар көрүлөт. Аскерлер тажрыйба алмашууга, эки өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн аракеттерин машыктырууга жана ар кандай чакырыктарга жана коркунучтарга ыкчам жооп кайтаруу үчүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгилешет.
Ержан Мейрманов, Казакстан Республикасынын аскер континентинин башчысы:
– Биз эки тараптуу мамилелерибизди чыңдоонун маанилүү этабына катышып жатабыз. «Камкордук 2024» машыгуусунун башталышы биздин аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо боюнча жалпы максатыбызды бекемдейт. Бул иш-чара эки тарапка тең пайдалуу болоруна ишенем.
Дилмурод Юлдашев, Өзбекстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук аскерий округ кол башчысынын орун басары:
– Бул сапар биргелешкен иштин башталышы гана. Мындан ары да уланат деп ишенем. Биргелешкен машыгуу эки тарапка тең пайдалуу болот деп ойлойм. Биздин кызматташтык мындан ары да чыңдалат деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков