Чыгыш Казакстанда жаңы Конституциянын негизги жоболору талкууланды

Чыгыш Казакстанда жаңы Конституциянын негизги жоболору талкууланды

Жаңы Конституция – узак мөөнөттүү өнүгүүнүн бекем негизи. Бул тууралуу кечээ Чыгыш Казакстан облусунда айтылды. Өскемен шаарында Сенаттын төрагасы Маулен Ашимбаев жаңы Баш мыйзамдын долбоорунун негизги жоболорун түшүндүрүү максатында маслихат депутаттары, коомчулуктун жана этномаданий бирикмелердин өкүлдөрү, жаштар, ошондой эле аймактын эмгек жамааттары менен жолугушууларды өткөрдү. Жогорку палатанын спикери конституциялык реформа тарыхый масштабдагы окуя жана демократияны чыңдоого карай ишенимдүү кадам экенин баса белгиледи. Маулен Ашимбаев Чыгыш Казакстандын өнөр жай жана илимий дараметине жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Облус үчүн жаңы документтеги экологиялык жоболор өзгөчө мааниге ээ. Мамлекеттин негизги баалуулуктарынын деңгээлинде биринчи жолу жаратылышка аяр мамиле кылуу бекитилип, экологиялык коопсуздук жана келечек муундарга кам көрүү артыкчылыктуу болуп саналат.


Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:


– Конституциялык реформа өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Кемелевич Токаевдин Казакстандын саясий системасын терең жана системалуу модернизациялоого багытталган демилгелеринин логикалык, ырааттуу уландысы болуп саналат. Жаңы Конституциянын долбоорунун борборунда – Мыйзам жана Тартип принциптери, жарандардын кызыкчылыктары жана укуктары турат. Жаңы Конституциянын долбоору – бул мамлекеттин заманбап моделине аң-сезимдүү жана ишенимдүу өтүү болуп саналат. Мында Баш мыйзамдын негизги концептуалдык өзгөрүүлөрүнүн бири адамдын укуктарын, эркиндиктерин мамлекеттин эң жогорку баалуулугу катары бекитүү болмокчу. Жаңы Конституцияда дал ушулар мамлекеттик түзүлүштүн бүткүл системасынын пайдубалын түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков