КМШ өкмөт башчыларынын кеңеши

КМШ өкмөт башчыларынын кеңеши

Дүйнөдөгү геосаясий чыңалууну жана экономикалык туруксуздукту эске алуу менен биргелешип натыйжалуу чараларды көрүү керек. Касым-Жомарт Токаев КМШнын Өкмөт башчылар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушууда бир катар сунуштарды айтты. «Казакстандын быйылкы төрагалыгынын алкагында КМШнын 2030-жылга чейин экономикалык өнүгүү стратегиясынын милдеттерин ишке ашыруу уланууда. Эл аралык рыноктогу кризиске карабастан, экономикабыз акырындык менен калыбына келүүдө», - деди мамлекет башчы. Ошол эле учурда ал тоскоолдуктарды жоюуну, жагымдуу тарифтик келишимди түзүүнү жана административдик процедураларды оптималдаштырууну талап кылды. Президент жеке өзү транспорттук-транзиттик потенциалды өнүктүрүүгө басым жасады. Буга байланыштуу ал Евразиялык рыноктор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан Транскаспий эл аралык транспорттук каттамынын келечеги зор экенин белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

Бул маселенин актуалдуулугу жогорулап жатат. КМШга мүчө мамлекеттер болгон потенциалды өнүктүрүү үчүн биргелешип аракеттенишет. Атап айтканда, Иранга, Перс булуңуна жана Индияга баруучу «Түндүк-Түштүк» багыты боюнча сооданы өнүктүрүү маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков