Чет элде жүргөн Казакстан жарандары Мажилис депутаттарынын шайлоосуна катыша алат

Чет элде жүргөн Казакстан жарандары Мажилис депутаттарынын шайлоосуна катыша алат

Мекендештер добуш берип, өз тандоосун жасоо үчүн дүйнөнүн 62 өлкөсүндө шайлоо участкалары ачылат. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Эскерте кетсек, шайлоо жалган куран айынын 19да өтөт. Өлкөнүн элчиликтеринин жана консулдуктарынын жанында 77 шайлоо участогу түзүлгөн. Өлкө үчүн маанилүү саясий өнөктүктөн тыш калбоону каалаган жарандар Казакстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрылса болот. Ал эми шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн маалыматын тапшыра электер алдын ала жакынкы шайлоо участогуна кайрылууга тийиш. Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 7ден 20га чейин болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков