Республика күнүнө карата куттуктоолор келүүдө

Республика күнүнө карата куттуктоолор келүүдө

Казакстан элин Республика күнү менен дүйнөнүн бардык бурчунан куттуктап жатышат. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин дарегине көптөгөн чет мамлекеттердин президенттеринен жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринен куттуктоо телеграммалары келди. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы, Кытай Эл Республикасынын төрагасы, Орусия, Түркия, Франция, Тажикстан, Иран, Сингапур мамлекеттеринин президенттери куттуктап, тынчтык жана стабилдүүлүк болушун каалашты. Алар ар тараптуу стратегиялык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти. Куттуктоо телеграммалары али да болсо келұұдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков